Тоң районунун Көк-Мойнок айылында 4-февраль күнү саат 17:00 чамасында Байдым-Тал каналынын суусу тоңуп, 10 турак үйдү жана жаңы салынып жаткан мектептин пайдубалын суу каптап кетүү коркунучун жараткан. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, учурда каналдын жээгин бекемдөө жана музду тазалоо иштери жүрүп жатат.