Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик коопсуздук инспекциясында коррупциялык схемалар аныкталды

Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик коопсуздук инспекциясында коррупциялык схемалар аныкталды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылдын июль айында аталган инспекция шарп жана чечек оорусуна каршы 31,8 миллион сомго вакцина сатып алган. Текшерүүнүн жүрүшүндө вакцинаны сатып алууда баалардын жогору болгондугу аныкталган. Мунун кесепетинен мамлекет 10,5 миллион сомго зыян тарткан.

Учурда “КРнын кызыкчылыктарына каршы мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zamir_kgz
2014-02-06 13:35:35
Буларды мурун эле текшериш керек болучу, азаматсынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан