Сузакта мектеп окуучулары арасында "Спорт кылмыштуулукка каршы" деген ураан менен мелдеш өттү

4-февралда Сузак районундагы мектеп окуучуларынын арасында спорттук мелдеш орун алды. Сузак РИИБи  жана Ырыс айылдык аймагынын жетекчилери уюштурган иш-чара "Спорт кылмыштуулукка каршы" деген ураан менен өттү. Анда катышуучулар волейбол, теннис оюндары боюнча күч сынашты. Бул тууралуу 6-февралда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Таймашка 9 мектептен 120 окуучу катышты.

Волейбол боюнча 1-орунду камсыз кылган М.Юсупов атындагы №15-орто мектептин окуучуларынан түзүлгөн курама командага 1-даражадагы диплом, кубок жана акчалай сыйлык ыйгарылды. 2-3-орунду багындырган курама командалар диплом, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Мындан сырткары теннис боюнча 1-орунду ээлеген окуучуга 1-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык берилди.

Мелдештер Жалал-Абад ОИИБи тарабынан “Мекеним  менин - Кыргызстан!” аттуу алдын ала  профилактикалык иштердин алкагында уюштурулуп келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан