Кыргызстан курама командасынын капитаны Вадим Харченко түркиялык клубдун курамына кошулду

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын капитаны Вадим Харченко түркиялык “Тавшанлы Линитспор” футболдук клубунун курамына кошулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда “Дордой” футбол клубунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бишкектик “Дордойдун” мурунку оюнчусу келишим түзгөн түркиялык клуб “Тавшанлы Линитспор” клубу учурда Түркиянын биринчи лигасында ойнойт. Азыр ал сезондо топтогон 15 упайы менен лигада 19 командадан 18-орунду ээлеп келүүдө.  

Кошумчалай кетсек, ал түркиялык клубдар менен келишим түзгөн жалгыз оюнчу эмес. Буга чейин анын Кыргызстан курама командасындагы өнөктөшү Мирлан Мурзаев “Денизлитспор” клубу менен келишим түзгөн. “Денизлитспор” аталган лигада 14-орунду ээлеп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Egen.Osh
2014-02-06 13:58:18
Командасы акыркы орундарда болсо,биздин футболисттин жардамы менен которулолу деген го алдыраак.Андай болбосо 2-дивизионго тушуп калышы мумкун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан