Ак-Өргөө жаңы конушунда кудуктардын капкагын уурдап жүргөн адам кармалды

Ак-Өргөө жаңы конушунун Тагай бий көчөсүндөгү кудуктардын капкагын уурдап кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, капкактын баасы 3 670 сом турат. Бул боюнча шектелип Тынчтык жаңы конушунун тургуну Адилет кармалды. Ал “Бишкексууканалдын” атайын кийимин кийип алып, көчөдөгү кудуктун капкактарын чыгарып, унаасына салып кетчү.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Egen.Osh
2014-02-06 13:52:00
Жакшы иши бар экен эле да,тийбей эле койбоптур,кийин капкагы жок кудука мас болуп келатып озу тушмок)))
+6
4alma77
2014-02-06 13:55:16
Ой жетиим десе,аябагандай акылдуу ууру экен да.Кудуктардын капкактарын таптырыш керек,биздин кочодо Кривоносова да жок капкактар.
0
Egen.Osh
2014-02-06 14:05:15
Коргон адам дагы ойлойт да,формасы болсо,байкуш жигит кун тун дебей,ысык суук дебей иштеп журот деп,ал шумшук эмне кылып жургону менен иши жок...
+3
future_kg
2014-02-06 14:07:05
Жумуш жок, иш жок эмне кылат, жашаш, олбогон жанга оокат керек, башка айласы жок калса керек да?
-3
Egen.Osh
2014-02-06 14:31:10
future_kg, Алдында машинасы бар экен,жаш жигит экен кандай иш жок?Бул деген женил оокатка конгондук,элдер бир ай иштеп 3000-4000 тапса,бул бир капкак сатып бир саатта 3700 табат экен.Мындай ууруларга эмне кереги бар айлап иштеп,бул жакта жирный бир сааттык иш турса!!!
+1
Aidai2010
2014-02-06 14:37:37
future_kg, элдин баардыгы ууру болуп кетсин жумуш жок деп, бул жалкоонун иши...
+1
jojoshka03
2014-02-06 14:08:34
жакшы бизнеси бар турбайбы мындайларды камаш керек
+2
nsk-mk
2014-02-06 14:26:34
ха-ха
+2
Sagidko88
2014-02-06 14:35:48
тапканын кара мунун!
0
4alma77
2014-02-06 15:51:49
Ушул адамга окшош маймылды,капкагы жок кудука салып,устуно баардык уурдалган капкактар менен жаап коюш керек да.Ошондо корот элек капкактарды эмне кылаар экен.
0
KaSuBa
2014-02-06 18:07:45
Кудуктун капкагы дагы эчтеке эмес,мурзодогу темир решётка менен оградаларды кантип уурдашат болду экен,арбактардан коркпой?!
0
aitowa11
2014-02-09 09:00:24
Ай тооба кудуктун капкагы да калбайт экенда
0
pakistanka
2014-02-09 10:21:33
KaSuBa arbaktardan korkpoi dep koesun Kudaydan korkpoi desen...hha ha ha.En jakwi biznes eken. barakelde uwunu oylop tapkanina...birok owol jaka ozun tuwurup saluu kerek ele da...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан