“Дордой” футболдук клубу сербиялык футболчуларды кароодон өткөрүүдө

Бишкектик “Дордой” футболдук клубу сербиялык жана пакистандык футболчуларды кароодон өткөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда клубдун расмий сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, клуб 2 бразилиялык, 2 сербиялык жана 1 пакистандык футболчуну кароодон өткөрүп жатат. Кароодо сербиялык чабуулчу Драган Милованович, сербиялык жарым коргоочу Бранислав Станич жана пакистандык футболчу Мохаммед Адыл жүрөт.

Эске салсак, буга чейин “Дордойго” кароого бразилиялыктар Гонсалвес Мартиньш Фелипе менен Сантос Соарес Александро келишкен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Egen.Osh
2014-02-06 14:49:57
Охоо Дордой быйыл Алайдан чемпиондукту алалы деген го)))
0
sibiryak
2014-02-06 15:35:32
Кызык бул биздин футболдо ойногон оюнчулар канча айлык болду экен.
0
abdi91
2014-02-07 01:46:28
охоо чет елден футболчуларды алып жакшы кылыт ошондо футбол онугот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан