Акыркы сутка ичинде республика аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, Ош шаарындагы №1-Курулуш колледжинде өрт чыкты

Акыркы сутка ичинде республика аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 7-февралда билдирди. 

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 1, Ош шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү, электр жабдууларын колдонуудагы эрежелердин сакталбагандыгы себеп болууда. 

Кечээ, 6-февралда Ош шаарындагы №1-Курулуш колледжинин жатаканасында өрт чыгып, бир диван күйгөн. Жабыркагандар болгон жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан