"Оштун 31 жаштагы тургуну Наргиза Кадыралиева үч баласын алып, Сирияга качып кетти" делген аялдын Түркияда экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Укук коргоо органдары бул боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, "Сирияга балдарымды алып кетти" деген маалыматты анын күйөөсү Бабур Кадыралиев өзү таратканын далилдешти.
Маалыматка караганда, Наргиза Кадыралиева күйөөсү менен төрт жылдан бери чырдашып жүргөн. Балдарын алып Түркияга иштөө үчүн кетерин айткан. Күйөөсү алимент талап кылбаса, балдарына уруксат берерин билдирген. Жыйынтыгында күйөөсү өзү макулдугун бергени белгилүү болду.
"Күйөөсү аялынын үстүнөн орус улутундагы аялга жашыруун үйлөнүп алганы чырдын чыгышына себеп болгон. Бул факт боюнча оперативдүү топ түзүлүп, Наргиза Кадыралиева менен байланышканда, ал Түркияда соода-сатык менен алек болуп жатканын айткан. Жакынкы арада Кыргызстанга кайтып келерин да кошумчалаган",- деп маалымдайт басма сөз катчы Жеңиш Ашырбаев.