Ош. Кара-Суу шаарында бирөөнүн уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алган жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу шаарында бирөөнүн уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда ОИИББинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Маалыматка ылайык, милицияга аталган шаардагы Октябрь көчөсүнүн 21 жаштагы Х .Х. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 6-февралда Бөкөнбаев атындагы эс алуу багында азиат улутундагы жашы 20-25 чамасындагы  жаран күч колдонуп 10 миң сомдук Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып изин жашырганын айткан.  

Ыкчам иликтөө топтун кызматкерлери тарабынан "Экстремист" операциясынын жүрүшүндө кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 20 жаштагы тургуну А.Б. кармалган.

Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tynara81
2014-02-07 13:18:20
Х.Х. "туугандардан" экен да.
0
aliii
2014-02-07 16:23:37
азиат куйсы улут?
0
aiba91kg
2014-02-07 19:35:16
aliii, улут эмес ,кыргыз озбек, казак корей япон жалпы эле орто азиа ,азиат болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан