Анхель Каппа: “Месси футболго болгон кызыгуусун жоготту”

Бүгүн, 7-февралда европалык басылмалар кабарлагандай, 80-жылдары “Барселонанын” башкы машыктыруучусу Сасар Луис Меноттинин жардамчысы болгон Анхель Каппа аргентиналык футболчу Лионель Мессинин дарегине сын узатты. Анын айтымында, Месси футболго болгон кызыгуусун жоготту.  

“Футбол кумарланууну, кызыгууну талап кылат. Мындай кызыгуу Диего Марадона, Хави жана Андрес Иньеста сыяктуу футболчуларда мыкты өнүккөн. Месси акыркы оюндарда майдандагы өзүнүн жана өнөктөштөрүнүн кызматын түшүнгүсү жок. Анын мындан 3-4 жыл мурунку оюнунда чектен ашкан каалоосун, мыкты оюнун көрүүгө болот. Азыр ал мурункудай бир оюнчунун артынан экинчисин жазгырып өтүп, укмуштуу оюн көргөзүүнү токтотту. Футбол менен 15 жыл жашаган соң ал чарчап, ойноого болгон каалоосун жоготту”,- дейт ал.   

Эске салсак, Лионель Месси сезондо 24 расмий оюнга чыгып, 19 гол киргизди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bossmos7
2014-02-07 12:31:02
Ушул балага "Алтын топту" бериш керек эле да!
0
PATRIOT-98
2014-02-07 12:37:17
Ушул эксперттер сындап озуно пиар кылганды гана билишет.
0
Egen.Osh
2014-02-07 13:54:20
Бир ай травмада жатып эми эле чыкты го,эки уч оюнда гол киргизбей калса эле сындап башташ керек экен да...
0
mirbakg
2014-02-07 14:16:10
Бир ойунчунун артынан экинчисин Алдап отуп кетчу Азыр жок дейт ! Азыр зашитниктер да Мессинин жасаган хотторун карап ошого жараша защита койуп жатышат да !! Бийиктикке жетип ошол бийиктикте озун кармап турган Мессиге оной эмес болсо керек !
0
piter93
2014-02-07 15:07:23
быйылкы сезондо начар ойноп атат Месси !
0
ali.95
2014-02-07 17:10:36
Кечеки кубок испаниянын 1/2 финалында билинип калды ким симуляция иштетет экени . Роналдону уйлосо эле жыгыла берип , а Мессини футболкасынан тартсада кете берди эле акыры кучактап алды хе хе
0
ali.95
2014-02-07 17:12:59
Эми ойнойт кызык оюн алдыда
0
Bogotik
2014-02-10 11:11:03
Messi emi oinoit zawitnikterda ku4tuuda
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан