Интимдик кызмат көрсөткөндөрдүн 60-70 пайызы студент кыздар. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин адам сатууга жана сойкулук жайларды уюштурууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Саламат Адылов бүгүн, 7-февралда маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнү Бишкек шаарында “интим салондор” көп. Аларда жалаң кыргыздын кыздары кызмат көрсөтүшөт. Кээ бирлери жашы жете элек кыздар.
“Жумасына Алматыга барып иштеп келип жаткан студент кыздар бар. Алар бейшемби күнү кечинде кетишет да, жума, ишемби күндөрү интимдик кызмат көрсөтүшүп, кайра келе беришет. Ал жакта аларды "интим салондору" же сауналар күтүп алышат. Болжол менен жумасына 50-60тай кыз кетет. Алардын айрымдары 16-17 жаштагы кыздар. Бирок алар чек арадан кантип өтүп жатышат, ал да суроо болуп турат. Бүгүнкү күнү бизде сойкуларга каршы мыйзам жок болгондуктан, биз эч кандай чара көрө албай жатабыз”, - деди Саламат Адылов.