Сойкулук менен көбүнчө айылдан келгендер алектенишет. Алар батирде жашагандыктан, ага акча төлөш керек. Анан акча табуунун оңой жолуна өтө башташат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин адам сатууга жана сойкулук жайларды уюштурууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Саламат Адылов билдирди.
Ошондой эле мындай ишке айылдардан келгендер эле эмес, колунда барлар дагы барып жатышат. Алсак, ата-энеси прокуратурада, Ички иштер министрлигинде, Медициналык академияда эмгектенгендердин кыздары да бар. Элитабыз дегендердин кызмат акысы саатына 8000 сом.