Кечээ, 6-февралда казакстандык басылмалар маалымдагандай, футболчу Эмил Кенжесариевге Казакстандын чемпиондугунун алтын медалы тапшырылды.
Маалыматка ылайык, курамында Эмил Кинжесариев оюн көрсөтүп келген “Актөбе” футболдук клубу 2013-жылы Казакстандын чемпиону аталган. Сезондун башында берилген арызда Эмил Кенжесариевдин да фамилиясы берилген. Тилекке каршы, 11-августта катталган окуядан кийин комага түшүп, футболдон алыстап кеткен Эмил сезондун аягына чейин ойной алган эмес.
Бул чемпиондук Эмил Кенжесариев үчүн төртүнчүсү. Буга чейин ал 2006-жылы “Астана” футболдук клубунун курамында, 2008-2009-жылдары “Актөбе” клубунун курамында Казакстандын чемпиону аталган.
Кошумчалай кетсек, футболчу учурда Түркияда дарыланууну улантууда. Абалы жакшы экенин казакстандык басылмалар баса белгилешет. Бир жылдан кийин анын майданга кайтары күтүлүүдө.