“Сочи-2014” Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 3-февралда Сочиге учуп кеткен кыргызстандык спортчу Дмитрий Трелевский бүгүн, 7-февралда “Сочи-2014” Олимпиадасынын ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов Сочиден кабарлады.
Маалыматка ылайык, Олимпиаданын ачылыш аземи саат 10дон 14 мүнөт өткөндө башталат. Ачылыш аземинде кыргыз туусун Дмитрий Трелевский көтөрүп чыгат. Аны коштоп машыктыруучусу Игорь Борисов, Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов, команданын уюштуруучусу Саламат Эргешов чыгат. Ачылыш аземине өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин катышары да күтүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, Олимпиаданын ачылышы Бишкек сааты боюнча 22:14тө орун алат (Орусияда бул учурда 20:14 болот). Анын ачылышында олимпиадалык гимнди опера ырчысы Анна Нетребко аткарат. Ачылыш аземинин эки жарым саатка созулары күтүлүүдө.
Эске салсак, кыргызстандык спортчу Дмитрий Трелевский Сочи Олимпиадасында 3 ыкмада тоо-лыжа спорту боюнча таймаштарга катышат: 16-февралда Трелевский супергигант түрү боюнча жарышка катышат. 19-февралда гигант слалом боюнча күч сынашат. Ал эми акыркы жыйынтыктоочу старт тоо-лыжасынын слалом түрү боюнча жарыш 22-февралда болот.