Азыркы учурда республикада 12 автобекет, 33 автостанция, 24 автокасса бар. Алардын ичинен 7 автобекет, 10 автостанция жана 11 автокасса мамлекеттин менчигинде. Калганы жеке менчик.
Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиялык жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка караганда, 2013-жылы автобекеттер жана автостанциялар мамлекеттик ишканалары жалпысынан 56 миллион 788 миң сом киреше тапкан. Өткөн жылы бул көрсөткүч 54 миллион 780 миң сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 103,7 пайызды түзгөн.