Cочи: Олимпиада оюндарынын ачылыш аземин 3 миллиард адам көрдү

Сочидеги Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышын сыналгы аркылуу 3 миллиард адам көрдү. Муну Олимпиада оюндарын уюштуруу комитети жарыялады. Иш-чаранын ачылыш аземин даярдоодо 12 миң адам иштеп, аны чагылдырууну 140 телекамера камсыздап турду. Спортчулар парадына 3500дөй адам катышып, андан кийин Орусиянын тарыхын, маданиятын чагылдырган шоу көрсөтүлдү. Олимпиада отун Владислав Третьяк менен Ирина Роднина күйгүздү.

Айта кетсек, Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан жалгыз спортчу Дмитрий Трелевский катышууда. Трелевский Сочи Олимпиадасында 3 ыкмада тоо-лыжа спорту боюнча таймаштарга катышат: 16-февралда супергигант түрү боюнча,19-февралда гигант слалом боюнча күч сынашат. Ал эми акыркы жыйынтыктоочу старт - тоо-лыжасынын слалом түрү боюнча жарыш 22-февралда болот. Спортчулар парадында Кыргызстандын желегин аталган спортчу көтөрүп чыкты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
tima1211
2014-02-08 10:41:33
бравоо Россия!!!
0
skatoruk
2014-02-08 10:52:37
Укмуш болду.
0
merim
2014-02-08 11:26:46
СОнун болду молодцы!КЫргызстандык лыжникке ийгилик!
+1
Nursultan.92
2014-02-08 11:46:30
Кыргызстан алга
0
4alma77
2014-02-08 11:46:36
Биз да уй булобуз менен кордук,бизди кошкондо 3 млрд 4 адам болобу ошондо.
+1
Egen.Osh
2014-02-08 11:58:11
Эн сонун даярдыкта болуп башкача отту,сразу бутушу менен эле интернетке чыкты,Медведев эмнеге уктап калды?Эмнеге бир шакек жанбай калды?Австриянын спортчусу эмнеге жыгылып тушту?Татунун ырдаганын неге корсотподу?деп.Дегеним массалык маалымат каражаттары баарибир кычык табат да)))
+1
nurbek_posol
2014-02-08 12:01:19
ТВ аркылуу эле канча адам корушту, а мен интернеттен карап отурдум
0
Egen.Osh
2014-02-08 12:03:56
Атамбаев да барыптыр,ошо лыжникти чыкканда колдоп кол чаап турду,бирок бечарага эн четтен орун тийиптир,жалгыз бурчта отурду((())))
0
leyli00
2014-02-08 12:45:49
Намыстанып кеттим башка жактын спортчуларына Президенттери тура калып коштоп кыйкырып толтура спортчулар. Биздикичииии((((( ыйлагым кп кетти!!!!
+1
Bodibilding
2014-02-08 12:55:02
leyli00, Аша жакшы ошончолук барыптыр озбекстандын президенти барбай еле койуптурго
-2
noeli
2014-02-08 12:53:23
Атамбаевке боорум ачып ыйлагым келди мен да ,озу деле коруп жаман болгондур.Байкуш чекеде тааныш эмес адамдын жанында озу менен озу".Атамбаев кордунбу"? деген туура эмес туугандар,кыргызстаныбыз Атамбаев келгенден кийин эле онукпой калдыбы эмне?буга чейин канча курсагын жарылгыр чаначтар талап тоноп бутушту го.
0
Tariell
2014-02-08 13:00:33
noeli, kyrgyzstan emi onugup kelatkanda otunbai atambai degender puttan 4aldy, bir zamatta kuduktun tuguno tuwurup saldygo.
+1
sezim1111
2014-02-08 15:46:28
Обаманыда корсотподуго алда келбептирби? АШАны корур ичим куйуп кетти жаалгыз озу отураткоо
+1
4alma77
2014-02-08 18:40:53
Обама келмек экен,кайнжуртунан меймандар келип,Мишелъ айымдан кабар алып кетишиптир.
0
piramida
2014-02-08 21:21:16
Олимпиада символикасынын бир шакеги жанбай калганы чатак болду да.
0
Bolo2
2014-02-08 22:01:18
Мына Орустар учун кайсы улуттар жакын экендигин жана дос экенин, ар бир олконун президенттеринин отурган ордунан эле билип койсо болот. мисалы державалардын окулдору ортодо Путиндин жанында отурду, ал эми кереги жоктор чет орундуктарда отурду
0
Asus84
2014-02-10 10:02:19
мына сага орустар катырышты да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан