Сочи: Олимпиаданын ачылышында Орусиянын бүт тарыхын чагылдырган шоу-программада Улуу Ата Мекендик согуш көрсөтүлгөн жок  

7-февралда Сочиде Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Орусиянын тарыхын, маданиятын чагылдырган шоу-программа көрсөтүлдү. Орусиянын эскиден жаңы заманды көздөй өнүгүшү жогорку деңгээлде тартууланды. Бирок башка учурга салыштырмалуу Улуу Ата Мекендик согуш учуру өтө жупуну жана кыска көрсөтүлдү, башкача айтканда, бул эпизод учактардын үнү менен гана чектелди. Бул эпизод таптакыр башкача болгон, бирок Эл аралык Олимпиада комитетинин өтүнүчү менен сценарий өзгөрүүгө туш болуптур. Муну иш-чаранын продюсери Константин Эрнст билдирди. 

"Согуш темасы өтө кыска көрсөтүлдү. Башында башкача вариантта болчу. Эл аралык Олимпиада комитетинин өзүнүн эрежеси бар, биз иш-чаранын ачылыш аземин аталган комитеттин талабына жооп бере турган кылып жасадык",- деди Эрнст.  

    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Almabek
2014-02-08 15:50:01
Немистер уялып кетип калышпасын деди да.
+3
zilish_kg
2014-02-08 16:06:29
Almabek, алыбызга жараша иш кылган эмес экендер чо чо чо чон аталар деппи )))
+1
piter93
2014-02-08 15:54:54
Бул спорт боюнча болуп жатпайбы ата мекендик согуштун тийешеси жок да
0
caky
2014-02-08 21:13:34
piter93, tuura aitat. Bul Gakta Duinoluk Sport Gonundo kep bolup, Ger guzundoku bir kan4a Mamleket katyshyp gatsa, kajdaky Uluu ata meken gonundo soz bolmok ele?
0
Aziret2110
2014-02-08 16:45:17
Бул олимпиадага ар бир мамлекеттен келип олтурат, аларды мейман катары кемсинтбеш керекда, Улуу Ата Мекендик согуштун 15 эле республикага кызыгы бар. Ал жерде 70 тен ашуун улут келип олтурбайбы. Орус туугандарыбыз башы иштебейт дейсинерби?! Жакшы ошол кыскача болсода корсотуп коюптур!
+2
mamashov-emil
2014-02-08 17:09:39
za to taryhta en maaniluu chon sogush bolgonda taryhty korsotush kerek bolchu
0
skatoruk
2014-02-08 18:03:34
Спорт бул тынчтык жана достук да.
+2
alisa.ilias
2014-02-08 18:45:21
Туугандар приздентибизАтанбаевти кордунорбу жакасы кыйшайган сол колун которуп кутуп алды барган жараандарды ото жаман акыбалда болдум барган эр журок жигиттерибизге ийгилик каалайлы
0
Sharipa-asia
2014-02-08 18:51:31
Кыргыздын аты аталганына суйундум, желегибизди желбиретип келишкендерине шугур дегиле
0
Bodibilding
2014-02-08 19:40:33
Не болсода жакшы откозуп алышса болду да.
0
maks83
2014-02-08 20:24:49
бизден качан коп спортчулар барат болду экен
0
caky
2014-02-08 21:33:41
albette sogushta uluu atalarybyz oz ganyn ajabagan. No biz i4itarlyk kyla berbeilida. Uluu bolgon anan,taryhta albette maanisi bar, a vot Olimpiada da anyn tijeshesi jok.
0
Tendik
2014-02-09 14:46:47
Комитетке макул деп туруп эл келгенде оригиналын коюп ийиш керек болчу))
0
Asus84
2014-02-10 10:01:20
эн сонун азем болду мага абдан жакты кооздугун жасалгасын айтпа, эх чиркин биз тушубуздо да кыла албайбызго мындайды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан