Ысык-Көл облусунда белгисиз адамдар атып кеткен милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкеринин аты-жөнү такталды

Ысык-Көл облусунда белгисиз адамдар атып кеткен милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкеринин аты-жөнү такталды. 

Алардын бири - Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Бакыт Абдраев. Ал окуя болгон жерден октон каза тапкан. Экинчиси - Балыкчы шаардык жол-кайгуул кызматкери Таштан Аскарбек уулу. Ал ийининен жараат алып, ооруканага жаткырылган. 

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 10-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 9-февраль күнү саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. 

Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышкерлердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка унааны токтотуп, качып кетишкен.  

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүүлөр кармала элек.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tariell
2014-02-10 10:02:22
Кылмышкерлердин аты-жону такталды дегенинерде,ошол жанылык болот эле.
0
brend007
2014-02-10 10:09:43
кылмышкерлерди сурак кылыш керек. Баарын атып салбай
0
tolkun85
2014-02-10 11:09:23
тобоо адам олтуруу иттен оной болуп калганбы?кылмышкерлерди кызык кармайт соттойт камайт,алар бир кун чыгат кайра эле ошол ишин улантат,неге адам олтургонго окум чыгарбайт атууга?
0
dikeii
2014-02-10 12:26:45
алардын качканынын бир чон себеби барго. же чон олчомдогу наркотик бар болушу мумкун. жону жок айтпай калсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан