Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын коргоочусу Валерий Кичин орусиялык “Уфа” футболдук клубунун оюнчусуна айланды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда аталган футболдук клубдун расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Биринчи лигасында ойногон “Уфа” клубу оюнчуну сезондун аягына чейин ижарага алды. Учурда футболчу команда менен Түркияда машыгуу сборун өткөрүүдө. Сезонду “Химик” клубунда баштаган Валерий Кичиндин жаңы командасы аталган лигада 7-орунду ээлеп келүүдө.