Акыркы сутка ичинде республика аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 10-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 2, Ысык-Көлдө 1, Баткенде 1 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү, электр жабдууларын колдонуудагы эрежелердин сакталбагандыгы себеп болууда.
Жылытуучу мештерди колдонуудагы эрежелердин сакталбагандыгынан улам Ала-Тоо жаңы конушундагы турак үйдүн бир бөлмөсүнүн шыбы күйгөн. Өрттөн жабыркагандар болгон жок.