8-февраль күнү саат 17:00 чамасында 5 жаштагы кызды үйүнүн жанынан белгисиз айдоочу ВАЗ автоунаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда ОИИББинин басма сөз катчысы Улукбек Пиназаров билдирди.
Бул окуя боюнча кылмыштын изи сууй электе Кара-Суу РИИБинин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери "Курчоо" планын ишке киргизишкен. Натыйжада Кара-Суу районунун Мады айылынын 62 жаштагы тургуну М.Ж. өзүнүн ВАЗ 21053 автоунаасы менен кармалган.
Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.