Кыргызстандык балбандар эркин күрөш боюнча Парижде өткөн “Golden Grand Prix” Эл аралык мелдешинде 1 күмүш, 2 коло медаль тагынышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, балбандардан Самат Надырбек уулу 57 килограмм салмакта күмүш тагынды. Ал эми мелдешке Самат менен кошо аттанган Улукман Маматов (65 килограмм салмакта) менен кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (58 кг) коло медаль тагынышты.