Таалайбек
Кулмендеев Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын жетекчилигинен
бошотулду. Ал өз каалоосу менен кызматтан кеткенин Кинематография департаменти
бүгүн, 10-февралда кабарлады. Аталган департаменттин директорунун орун басары
Гүлмира Керимова киностудиянын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп
дайындалды.