Токмоктогу жол кырсыгынан 3 адам каза тапты

Токмок шаарындагы жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам көз жумду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 9-февраль күнү саат 23:26 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 57- чакырымында жол кырсыгы катталган. Анда Хонда Стрим унаасынын айдоочусу, 29 жаштагы А.Имакеев рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Автоунаа көңтөрүлүп, ичинен үч адамдын (Майрамбек Сарыгулов, Алишер Ушуров, үчүнчү адамдын өздүгү тактала элек) сөөгү чыгарылган. Айдоочу Чүй райондук ооруканасына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан