“Кумтөрдүн” өкүлүнөн 3 миллион доллар доолады" деп айыпталган жети-өгүздүк Б.Курманов менен Э.Жунушбаев 7 жылга эркинен ажыратылышты

“Кумтөр” ишканасынын өкүлүнөн 3 миллион доллар доолады” деп айыпталган Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курманов 7 жылга эркинен ажыратылышты. Мындай чечимди бүгүн, 10-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмазбек Молдобаев чыгарды. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу айыпкерлерди 9-12 жылга эркинен ажыратууну соттон суранган эле.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 29-ноябрында УКМК аталган адамдардын “Кумтөрдүн” өкүлү Дуглас Гриер менен болгон сүйлөшүүсү жашыруун тартылган видеотасманы коомчулукка жарыялаган. Тасмада азыркы айыпталып жаткандардын Гриерден 3 миллион доллар талап кылганы көрсөтүлөт. Бул факты боюнча 29-августта кылмыш иши козголуп, айыпталгандар СИЗОго киргизилген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
sagun
2014-02-10 14:44:04
туптуура кылат. мындай кылмышкерлердин орду турмо!
+6
aikow92
2014-02-10 15:56:48
sagun, Кошулам. уялбай 3 миллион сурап атканы кылмыш эмеспи
+4
sagun
2014-02-10 14:49:53
Ырас гана болот. бейбаштарды камоо керек.
+6
kara_kulzha
2014-02-10 14:54:35
кайран гана азаматтар, эл үчүн күйүп түрмөгө кетти! АША ны кетириш керек
-7
aikow92
2014-02-10 15:58:48
kara_kulzha, АШАга жете албагандан кийин калп эле үрө бербечи. Ал сенин пикиринди сурабайт. АША дедиртип эле койсо. же атың чыкпаса жер өрттө болуп жатасынбы. Колунан эч нерсе келбей АША кетсин дегендердин баарына тиешелүү
+5
arzuu1
2014-02-10 15:14:07
тушунбойсун кимики туура кимики туура эмес
0
Stalker-007
2014-02-10 15:40:33
АШАны кетирип жыргайбыз деп жатасынарбы,кайрадан таз кейипке тушобуз ал кетип калса. Азыркы оппозиция уюштуруп жаткан шоу,оюндарга ишенбегиле
+6
Kubanychbekkagan
2014-02-10 16:02:18
Эээ байкуштар. Убагында ойлонуш керек эле да. Кайдагы элди экиге бөлгөн сасыктарды ээрчибей эле койсоңор, тынч жашамаксыңар. Бийликти гана эңсеген оппозицияга окшошкусу келгендердин коооз сөзүнө алданып, ушул жолго түшүп калдыңар да.
+1
Aske
2014-02-10 16:05:24
Байкап жатасынарбы? Кыргызстанда мыйзам кичине болсода иштей баштады!
+4
sagun
2014-02-10 16:05:57
бироону ээрчидинер эле, кана алар азыр жардам бергени. ушундай алар саткындар. элдин качан козу ачылат болду экен?
+1
ayaza
2014-02-10 18:48:47
Туура кылышат.
+1
barsa1984
2014-02-10 19:00:57
Ишенген "кожолору"кайда жүрүшөт болду экен булардын,бошотуп алышпайбы...же "зонадан" май-көл, сүт-көл жашоону убада кылганбы буларга..!?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан