“Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында Кыргызстандын желеги астында чыга турган жалгыз спортчу Дмитрий Трелевский Олимпиада алкагындагы алгачкы жарышын 16-февралда өткөрөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу Сочи Олимпиадасында 3 ыкмада тоо-лыжа спорту боюнча таймаштарга катышат: 16-февралда Трелевский супергигант түрү боюнча жарышса (жарыш Бишкек сааты боюнча 13:00дө башталат), 19-февралда гигант слалом боюнча күч сынашат (биринчи жарыш 13:00дө, экинчи жарыш 16:30да орун алат). Ал эми акыркы жыйынтыктоочу старт тоо-лыжасынын слалом түрү боюнча жарыш 22-февралда болот. Жыйынтыктоочу жарышын спортчу 18:45те жана 22:15те баштайт.
Маалымат: Дмитрий Трелевский 1983-жылы 14-октябрда Бишкекте (мурунку Фрунзе) төрөлгөн. 1993-жылдан тарта тоо-лыжа спорту менен алектенип келет. Машыктыруучусу - Игорь Борисов.