Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлерин атып, качып кеткен кылмышка шектүүлөр жок кылынды. Аларды кармоо учурунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн. Мындан улам күч органдары кылмышка шектүүлөрдү өлтүрүүгө аргасыз болушкан.
Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бирок ИИМдин басма сөз кызматы муну тастыктай элек.
Кылмышка шектүүлөрдүн бири Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын 1986-жылы туулган тургуну Магомедов Заур Мухтарович, экинчиси Жалал-Абад облусунун Кербен айылында 1971-жылы туулган Арчаев Бердимурат Нурбердиевич экендиги аныкталган.
Эске сала кетсек, кечээ, 9-февраль күнү саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. Бүгүн алар айдап кеткен унаа Токтогулдан табылган.