21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасын “Шериктештик кубогу-2014” Эл аралык мелдешине жетектеп барган башкы машыктыруучу Анарбек Ормонбеков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул чечим КРнын Футбол федерациясынын Аткаруу комитетинин 6-февралда орун алган жыйынында чыгарылган.
Эске салсак, Кыргызстан курама командасы январь айында Орусияда өткөн “Шериктештик кубогу-2014” мелдешинде 12 команданын ичинен 12-орунду ээлеген.