Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясында бүгүн, 10-февралда шаарды көрктөндүрүү үчүн кеңешме өттү. Ага жергиликтүү бийликтин жетекчилери, ректор, мектеп директорлору, чарбалык ишканалардын башчылары катышты. Электр энергиясын үнөмдөө, мекеме, үйлөрдүн айланасында тазалыкты сактоо сыяктуу маселелер талкууланганын билдирет мэрия.
“Шаарды көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык талаптарды сактабаган мекемелерди жоопкерчиликке тартуу маселеси талкууланды”,- деп айтылат маалыматта.