Кыргызстанда 2013-жылы 171 милиция кызматкери кылмыш жазасына тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Жеке коопсуздук башкармалыгынын башчысы Нурлан Жумашев билдирди.
Анын айтымында 26 кызматкер пара алуу учурунда кармалган. “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча – 62, уурулук жана бейбаштык менен - 15, баңгизаты менен байланышкан кылмыштар – 14, кыйноолор боюнча 7 милиционер жазага тартылган.
Мындан сырткары Кылмыш-жаза кодексинин нормаларын сактабаганы, мас абалында унаа айдоо, жасалма документтер жана башка мыйзам бузууларга туш болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлерине бир катар чаралар көрүлгөн.
Ошондой эле 2013-жылы 125 кызматкер жумуштан айдалып, 153ү убактылуу иштен четтетилген.