Кыргызстандын Аскер прокуратурасын тез арада оңдоп-түзөө зарыл

Кыргызстандын Аскер прокуратурасын тез арада оңдоп-түзөө зарыл. Бул тууралуу 10-февралда ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында аскер прокурорунун орун басары Нуркамил Набиев билдирди. Анын айтымында, мекеменин азыркыга чейин өзүнүн имараты жок. 

“Оңдоп-түзөө үчүн 1992-жылдан 2007-жылга чейин  1 миллион сом бөлүнгөн. Бишкек гарнизонундагы Аскер прокуратурасы имаратка муктаж. 2000-жылы негизделгенден тартып көзөмөлдөөчү органдын имаратында иш жүргүзүп келет”,- деди ал. 

Ошондой эле аталган мекеменин карамагында унаалардын жетишсиздигин айтып, күйүүчү майды кызматкерлер өз чөнтөгүнөн куюп жатышкандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан