Бишкек - Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапты

Бишкек - Ош унаа жолунун 264-чакырымында жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 10-февралда саат 23:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунан түшүп баратканда Тойота унаасы Чычкан дарыясына кулап кеткен. Анын кесепетинен эки адам каза таап, бир адам ооруканага жаткырылды. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
4alma77
2014-02-11 12:12:47
Каап жаман иш болуптур да,каза болгондордун жаны жаннаттан болсун.Жакындарына сабырдуулук каалаймын,пендечилик да эми.
0
Bakyt-83
2014-02-11 21:33:29
жаткан жерн жанаттан болсун жееним.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан