Ысык-Көл облустук прокуратурасы Балыкчы шаарынын мэри жана Мамлекеттик эксплуатациялык комиссиянын мүчөлөрүнө кылмыш ишин козгоду

Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан Балыкчы шаарынын мэри жана Мамлекеттик эксплуатациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн иши иликтенип чыкты. Бул тууралуу 11-февралда аталган кызматтын коом менен байланышуу бөлүмүнөн маалымдашты.  

Иликтөө иштеринин натыйжасында чогултулган материалдар облустук прокуратурага өткөрүлүп берилген. Жыйынтыгында облустук прокуратура Балыкчынын мэри М.Бообеков жана 12 адамдан турган эксплуатациялык комиссиянын мүчөлөрүнө “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык милдеттеринен аша чабуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан