Бүгүн, 11-февралда “Сочи-2014” Олимпиадасында 8 комплект медаль ойнотулат.
Олимпиаданын расмий сайтында жайгаштырылган маалыматка ылайык, бүгүн биатлон, кёрлинг, лыжа менен жарышуу, лыжа менен трамплинден секирүү, чана спорту, коньки менен ылдамдыкка чуркоо, сноуборд, муз үстүндө бийлөө, фристайл, хоккей сыяктуу спорт түрлөрү боюнча орун алуучу оюндарды көрүүгө болот.
Биатлон (кыз-келиндер арасында 10 чакырым. Башталышы 21:00).
Кёрлинг (кыз-келиндер жана уландар арасында 2-сессиядагы жарыш 11:00дө, 3-сессиядагы жарыш 21:00дө башталат).
Лыжа тээп жарышуу (кыз-келиндер жана уландар арасында тандап алуу оюндарын, чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндарды көрүүгө болот. 16:00дө жана 19:30да башталат).
Лыжа менен трамплинден секирүү (23:30да биринчи секириктер, 00:25 финалдык секириктер болот).
Чана спорту (3-жарыштардын башталышы 20:30да. 4-жарыштар 22:20да старт алат).
Коньки тээп ылдамдыкка чуркоо (кыз-келиндер арасында 500 метр аралыкка чуркоо. 18:45те жана 20:34тө башталат).
Сноуборд (хафпайп түрү боюнча уландар арасында 16:00дө тандап алуу туру, 21:00дө жарым финал жана 23:30да финалдык оюндар болот).
Муз үстүндө бийлөө (жуптукта кыска программа, 21:00).
Фристайл (кыз-келиндер арасында тандап алуу туру 12:00 жана финалдык оюндар 15:00дө башталат).
Хоккей (“В” тайпасынын алгачкы тур оюндарында Германия-Швеция 16:00дө, Орусия-Япония 21:00дө беттешет).