Бүгүн, 11-февралга карата “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында Канада курама командасы командалык эсепте алдынкы сапка көтөрүлдү. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 10-февралда Канада жана Голландия курама командалары эсептерине үчтөн медаль жазып, Норвегияны кууп жетишти. Учурда Канада 3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль менен алдынкы сапта келе жатат. Ал эми 2-орунду азырынча 3 алтын, 2 күмүш жана 2 коло менен Голландия ээлеп келүүдө. 10-февралда Норвегия медаль ута алган жок. Бул күнү АКШ 1 коло утуп, алдынкы бештиктеги ордун сактап калды. Эсебине 2-алтын медалды жазган Германия 5-орунду ээлеп келүүдө.