Орусиянын Екатеринбург шаарында милиция кызматкерлери “зордуктоо” кылмышына шектелип 29 жаштагы кыргызстандык жаран Кубанычбек Мадазимовду издөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда орусиялык массалык маалымат каражаттары жарыялашты.
Маалыматтарга ылайык, кылмыштан кийин жаран качып кетип, учурда жашынып жүрөт. Анын турган жери аныктала элек.
Белгилей кетсек, Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин "зордуктоо" беренеси боюнча кылмышкер 3-6 жылга чейин эркинен ажыратылат.