Канттык “Абдыш-Ата” футболдук клубу 8-февралда Кантта аяктаган Кыргызстандын футбол боюнча Кышкы биринчилигинде 3-ирет жеңүүчү аталды. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кышкы биринчиликтин финалында “Абдыш-Ата” жана “Наше пиво” командалары кез келип, оюндун негизги убактысы 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен жыйынтыкталган. Пенальтилер сериясында 5:4 эсеби катталып, “Абдыш-Ата” жеңип чыкты.
Ал эми 3-орун үчүн болгон оюнда бишкектик “Алга” жана “Алга-2” командалары кез келди. Командалар оюндун негизги убактысында 1:1 эсебинде тең ойноп, жеңүүчүнү пенальтилер сериясында аныкташты. Жыйынтыгында “Алга” 4:2 эсебинде утуп, коло медаль тагынды.