Чет элдик жаранга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берүү фактысы аныкталды

Чет элдик жаранга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата райондук транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан К.И.А. аттуу чет элдик жаранга жасалма документтер аркылуу мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берилген.

Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “документтерди жасалмалоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jojoshka03
2014-02-11 15:12:16
акча берип койсо биздин чон курсактар айдоочулук куболукту жон эле суйунуп беришет да
0
infiniti
2014-02-11 15:31:58
Айдоочулук куболук бул жакта турсун. Пасспорт берилгенине кантесин?
0
uran001
2014-02-11 15:59:38
Ошто да коп андайлар кытай,уйгурлар алма сатып алгандай эле алышатго.350$,400$дан эле.Чон курсактар айдоочулук куболук эмес гектарлап жер сатып жиберишетго.Намыс жоктор!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан