Кыргызстандык спортчулар АКШда өткөн NAGA-грэпплинг боюнча эл аралык мелдеште 2 алтын, 4 күмүш, 1 коло медаль утушту. Бул тууралуу 11-февралда аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Майами шаарында өткөн Түштүк Флорида штатынын биринчилиги 9-февралда жыйынтыкталды. Ага 50 мамлекеттин спортчулары катышты. Анын ичинде Кыргызстандан 7 спортчу барып, баары байгелүү орундарды ээлешти.
Спорт чеберлери арасында Кубанычбек Эгемберди уулу (63 килограмм салмакта) чемпион атала алса, Хайрулло Кокеев (90 кг) менен Кылычбек Саркарбаев (90 килограммдан жогорку салмакта) өз салмактарында күмүш медаль тагынышты.
Ал эми спорт чеберине талапкерлер арасында 63 килограмм салмакта Кыялбек Жеңишбек уулу алтын тагынса, Эрик Жамакунов менен Зулкайнар Камчыбеков күмүш медалдарга арзышты. Курама команданын эсебине коло медалды Максат Осмонов алып келди.