Футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш 24-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Кошумчалай кетсек, жыл сайын өлкөдө футболдук сезон Кыргызстандын Суперкубогу үчүн болгон оюн менен ачылат. Суперкубок үчүн Кыргызстандын чемпиондугун (ТОП-Лига) уткан команда менен Кыргызстандын кубогунун ээси кез келет. Өткөн жылы бул эки мелдешти тең Ош шаарынын “Алай” клубу утуп алган. Ошол себептүү аталган кубокту “Алай” футболдук клубу ТОП-Лиганын вице-чемпиону бишкектик “Дордой” менен талашат.