Абактан качкандар кайра кайтып келишсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылышпайт. Бул тууралуу 11-февралда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 28-январында “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына карата мунапыс жөнүндө” мыйзамына кол коюлган. Ага ылайык, түзөтүү мекемелеринен жана жатак-абактардан жаза өтөөдөн качкандар өз эрки менен кайра кайтып келишсе, “качуу” беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушат. Бирок алар 6 ай аралыгында келиши керек.