Ички иштер министрлиги: Боомдо үчүнчү милиция кызматкери да болгон, ал боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө

11-февралдагы маалымат жыйынында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев “Боом капчыгайында болгон окуяда үчүнчү милиция кызматкери да болгон” деп билдирди.

Анын айтымында, 9-февралда саат 17:00 чамасында Бишкек-Балыкчы жолунун 160-чакырымында үч милиция кызматкери өз милдеттерин аткарып жатышкан. Алар: Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, айдоочу Бакыт Абдраев, Балыкчы шаардык жол-кайгуул кызматкери Таштан Аскарбек уулу жана Балыкчы ШИИББинин баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү.

“БМВ үлгүсүндөгү унаа тез ылдамдыкта бара жатып, жол-кайгуул кызматчысынын буйругуна токтобой качып кеткен. Унааны Тоң районунун Көк-Мойнок айылына чейин үч милиция кызматкери кууп барган. БМВнын айдоочусу токтоп, милиционерлерди аткылай баштаган. Атышуунун натыйжасында милиция кызматкери көз жумду, жол-кайгуул кызматчысы жаракат алды. Үчүнчүсү тирүү калды, бирок неге ал кылмышкерлерге каршы эч нерсе кылган жок, ал белгисиз. Үчүнчү милиционер боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө”,- деди Мамбеталиев.

Эскерте кетсек, 9-февралда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. 10-февралда алар Токтогул шаарынан чыга бериш жердеги “Бабур” кафесинин жанында өлтүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
777bek
2014-02-12 08:39:46
Жанында пистолети жок окшобойбу бечара, чыга калса аны да тырайта атып туруп кетип калышмак да.
0
Kara_kyrgyz
2014-02-12 09:14:39
качып кетсе керек
+1
dikeii
2014-02-12 10:21:24
мумкун коркконунан качып кеткендир. шашпасак аны да угарбыз сурак алып жатыптырго.
+1
Alicia
2014-02-12 11:06:48
Эми пистолети жок болсо качат да
0
admin_media
2014-02-12 12:16:33
inoplanetyanin, кимдир бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
0
sher89
2014-02-12 13:07:30
Ошондо качкандар бабур кафесинин жанында олгон болуп атабы мен тушунбой калдым
0
Kubanychbekkagan
2014-02-12 13:47:14
Эмнеге жалдырап турушту экен. Алар дайыма автоматчылар турчу эле го күн-түн дебей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан