Жети-Өгүз районунда жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болду. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 11-февралда саат 15:52 чамасында аталган райондун Желе-Дөбө айылында катталган. Анда Тойота Эстима унаасы жол жээгиндеги бакка урунуп, айдоочу жана 5 жүргүнчү каза болгон. Алардын арасында 10 жаштагы бала да бар. Ошондой эле унаанын ичиндеги 3 жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген.