Акыркы сутка ичинде республика аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 12-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Нарында бала бакчадан өрт чыгып, 6 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.