“Ахматбек Келдибековго укук коргоо кызматкерлери тарабынан кысым көрсөтүү токтобой жатат",- деп билдирди ЖКнын 12-февралдагы жыйынында депутат Надира Нарматова. Айтымында, парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков депутаттардын укугун коргоого жардамдашуусу керек. ”Келдибековго 2 операция жасалды, бүгүн үчүнчү жолу операция жасалат. Ага карабай укук коргоо кызматкерлери тарабынан кысым көрсөтүлүүдө. Кечинде туура эмес иштер болуп кетти, СИЗОго алып кетүү аракети боюнча. Ахматбек Келдибековдун операциясы боюнча диск алып келдим, убакыт бөлүп ушуну көрүп коёлу. Ошондо анын кандай абалда экенин билебиз”,- деди ал.
Нарматова жыйынга Келдибековго операция жасаган врач Сабырбек Жумабековду чакырып, маалыматын угуп коюуну да сунуш кылды.