Таласта суу каптоо коркунучу пайда болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында 11-февраль күнү Кара-Суу арыгындагы суу тоңуп, айылды көздөй аша баштаган. Мындан улам турак жайларды суу каптоо коркунучу туулган. Жергиликтүү тургундар каптарга кум салышып, суунун нугун убактылуу бурушкан. Кырсыктын алдын алуу үчүн Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунан 1 экскаватор жөнөтүлдү.