Жайыл районунда мас абалындагы айдоочу жыл кырсыгынан көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 10-февраль күнү саат 20:00 чамасында катталган. Анда 41 жаштагы Тойота Авенсис унаасынын айдоочусу 26 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургунунун башкаруусундагы Фольксваген Жетта унаасы менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен 41 жаштагы айдоочу денесинен оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок бейтапканада эсине келбей каза болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.