Жогорку Кеңеш: Бүгүн, 12-февралда Ахматбек Келдибековдун ден соолугун текшерүү үчүн түзүлгөн комиссия маалымат берет  

Парламентте бүгүн, 12-февралда депутат Ахматбек Келдибековдун ден соолугун текшерүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги түзгөн комиссия маалымат берет. Муну вице-спикер Бөдөш Мамырова билдирди. Эскерте кетсек, бүгүн жыйында айрым депутаттар аталган комиссия Келдибековдун ден соолугун текшербей туруп “жакшы” деп чечим чыгарып койгонун айтышкан. Ал чечимге таянып депутаттын ден соолугу оор экенине карабай, аны ооруканадан СИЗОго алып кетүү аракети жүрүп жатканын билдиришкен. Комиссия мүчөлөрү саат 14:00дө жыйынга келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан