Бүгүн, 12-февралда президент Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгып, учурда Москвада. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Дарыгерлердин сунушу боюнча бүгүн президенттин тизе кемирчегине операция жасалды. Врачтардын баамында, операция ийгиликтүү аяктады. Мамлекет башчысы Кыргызстанга жакынкы күндөрү кайтып келет",- деп айтылат маалыматта.