“Сочи-2014”. КТРКнын баяндамачылары алмашканы менен, каталар кайталанууда

“Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасын түз алып берип жаткан КТРКнын түз эфиринде каталар кайталанып жатканы тууралуу социалдык тармактарда дагы да сындар айтылууда.   

Мисалы, социалдык тармактардагы активдүү колдонуучулардын бири баяндамачылардын “биз, албетте, орусиялык спортчуларды колдойбуз” деген кебин кыстарып, бейтараптуулук сакталбай жатканын айтып өткөн.

Кошумчалай кетсек, 7-февралда телеканал аркылуу көрсөтүлгөн Олимпиаданын ачылыш аземинде баяндамачылар тарабынан одоно каталар кеткен. Социалдык тармактарда айтылган сындардан улам 11-февралдан тарта Олимпиаданын алкагындагы лыжа боюнча жарыштарды орусча баяндоо милдети Тимур Жумабаев менен Сергей Трелевскийге жүктөлгөн. Мындан ары муз үстүндө бийлөө жана башка спорт түрлөрүн атайын чакырылган адистер баяндашат.   

“Баяндамачыларды дайындоо боюнча эрте чара көрүүгө болбойт беле?” деген сурообузга КТРКнын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Мээрим Асаналы: “Түз алып берүү боюнча сүйлөшүү 3-февралда аяктады. Кыргызстанда кышкы спорт түрлөрү боюнча адистешкен баяндамачылар жок болгондуктан, баяндамачылык милдетти Кубан Атабеков менен Канай Аламановго тапшырганбыз. Профессионал баяндамачылардын жоктугу КТРКнын айыбы эмес”,- деп жооп берди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
jugorsk
2014-02-12 14:41:03
уят эле
0
jaydar
2014-02-12 14:46:00
kyrgyzcha ele bayandasa jakshe bolmok,oruscha keldirebey.kachanga cheyin oruscha boloberet.
0
kara_kulzha
2014-02-12 15:19:27
Мына кызык! КТРК уят эле
+1
Shamdagai2013
2014-02-12 15:22:24
Орусча баяндап убара болбостон,Россиянын каналынан эле туз алып берип койгула анда.Ишенген каналыбыз ушинтип жатса,уят эле.
+6
jugorsk
2014-02-12 19:24:56
Shamdagai2013, эн туура кыйналып отурасынарбы тантырап уятта кыргызча алып бара албасанар ктрчилер
0
barsa1984
2014-02-12 15:59:49
Орус тилдүү мекендештерибиз КТРКны көрүшпөйт да...чын эле жалаң Кыргыз тилинде баяндалса болмок...
+2
Aipri
2014-02-12 17:42:33
Кыргызстанда болгондон кийин кыргызча эле баяндаса болмок. Кобунчо элет жергесиндеги айылдаштар корушот да.
+1
Arti
2014-02-12 19:23:06
Оозуна келгенди оттоп, бир созун он жолу кайталап жатышат. Эмне айтаарын билишпей, какап-жотолуп, калп эле тамактары оорумаксан болуп калышты го. Баяндамасына такыр ичим чыкпайт. Кубан кичине жакшы апарат . КТРканын калган журналистерин кудай сактасын. Коомдук канал болгон сон кыздары бир аз диетага отуруп, салмактарынан арылса болмок. Дикциялары УЖАС! мага 5-канал жагат!
+3
010288
2014-02-12 21:31:07
Мырзакматовду жамандаганда ката кетирбединер эле го эмне болдунар эми.байкуштар.
+3
donchik81
2014-02-12 21:33:59
КТР каналы эмес АША каналы деп айтсак туура келет.КТР азыркы кезде АШАнын рейтингин которуу менен алек куну-туну АШАны макташат.
+1
tumarchik
2014-02-13 00:29:38
Эмне Россияны колдоп ошолорго балет эткенибиз жалганбы бизден спортчулар чыкпагандан киин албетте биз ошолорго балет этебиз алар жок болсо Украиндерге Казахтарга болет этип эле журом мен футболдон болсо Россияны баары колдойт бут СНГ Аршавин звезда биз учун как Меси Рональдо сыяктуу.
+1
Odik11
2014-02-13 01:03:58
Эшегине жараша тушагы...
0
X-peria
2014-02-13 07:54:05
Спортчубуз барып катыша албай кайтса,анын ордуна башкасын жибере албаса, эми журналисттер да туура суйлой албай калыптыр... деги эмне болду бизге...кет кетибиз келдиби???(((
0
adidilet
2014-02-13 10:26:30
Орусча эмнеге комментировать этишет эч түшүнбөйм..баарын эле кыргызча кылышпайбы..же кимден коркуп жатышат??..итак эле обрусевшийлер толуп атат..Кубан Атабеков эле комментировать этсин
0
X-peria
2014-02-13 12:53:40
adidilet,эмне деп жазганынды тушундунбу озун? )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан